Бугу 02, 2024
Убакыт: 13:09
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.965

Алмазбек Атамбаев парламенттик шайлоого катышуу ниети бар экенин билдирди

27.09.2021 17:33
1052
Алмазбек Атамбаев парламенттик шайлоого катышуу ниети бар экенин билдирди

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев  28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого катышуу ниети бар экенин билдирди. Бул тууралуу "Азаттык" радиосу маалымдады.


"Мага мандаттын кереги жок. Бирок "тизменин башына туруп бериңиз" деп суранып жатышат. Бул тууралуу ойлонуп жатам. Катышсам дагы символикалуу түрдө гана катышам", - деди Атамбаев.


Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар Бекматов Атамбаевдин парламенттик шайлоого катышуу укугу тууралуу мындай деди.


"Алмазбек Атамбаевдин кылмыш иши тууралуу маалыматым жок. Мыйзамда соттун айыптоо өкүмү күчүндөгү адам шайлоого катыша албайт",- деди Бекматов.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн