Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 10-октябрь күнү Кой-Таштагы үйүндө кармалды. Аны менен кошо жансакчылары Канат Сагынбаев менен Дамир Мусакеев да кармалганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) кабарлады.
Маалыматка ылайык, алар 9-октябрда Бишкектеги массалык башаламандыкты уюштуруу боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалышты. Учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды иликтеп-издөө иштери жүргүзүлүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн