Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди №47 абактан УКМКнын тергөө абагына которгону жатат. Бул тууралуу анын адвокаты Замир Жоошев Фейсбуктагы баракчасы аркылуу кабарлады.
“Алмазбек Атамбаевдин ден соолугу жакшы эмес. Ага карабай аны УКМКнын тергөө абагына которгону жатат. №47 абактан шарты начар жакка которуу туура эмес. Биз Алмазбек Шаршеновичти үй камагына чыгышын талап кылабыз”, - дейт ал.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн