Бугу 11, 2024
Убакыт: 01:17
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Алмазбек Баатырбеков «Семетей» обсервациясын көзөмөлдөп чыкты (фото)

22.06.2020 10:20
990
Алмазбек Баатырбеков «Семетей» обсервациясын көзөмөлдөп чыкты (фото)


Биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков «Манас» Эл аралык аэропортунун жанында жайгашкан «Семетей» обсервациясын көзөмөлдөп чыкты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан маалымдашты.

«Коронавирус инфекциясын жуктуруп алган жарандардын саны көбөйгөндүгүнө байланыштуу биз өлкөнүн бардык медициналык мекемелеринде орундарды көбөйтүп жатабыз. Мындан тышкары мурдагы Ганси авиабазасынын аймагындагы даяр корпустарга COVID-19 дартына чалдыккан жарандарды жайгаштырууга болот Мында аларды дарылоого бардык шарттар каралган», - деди биринчи вице-премьер-министр.

Тактап айтканда, карантинге алынган аймакта ар бирине 120 адам бата турган 7 даяр корпус бар. Палаталар эки бейтапка эсептелген.

Биринчи вице-премьер-министр карантиндик аймакты тейлеген кызматкерлер тарабынан коопсуздук чараларын сактоонун маанилүүлүгүн эскертти жана аларды антисептикалык, дезинфекциялоочу жана жеке коргонуу каражаттары менен тийиштүү көлөмдө камсыздоону тапшырды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн