Президенти Сооронбай Жээнбеков Конституциянын 84-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, Баатырбеков Алмазбек Баатырбековичти биринчи вице-премьер-министри кызматына дайындоо жөнүндө Жарлыкка кол койду.
Президент Сооронбай Жээнбековдун башка Жарлыгына ылайык, Асрандиев Эркин Шамшудинович мурдагы милдеттерин аткаруудан бошоп, вице-премьер-министр кызматына дайындады.
Ошондой эле Исмаилова Аида Жекшенбаевнаны мурдагы милдеттерин аткаруудан бошотуп, вице-премьер-министри кызматына дайындоо жөнүндө Жарлыкка кол койду.
Дагы башка Жарлыгы боюнча Мадумаров Акрам Камбаралиевич мурдагы милдеттерин аткаруудан бошонуп, вице-премьер-министри кызматына дайындалды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн