Биринчи вице-премьер-министр, республикалык штабдын жетекчиси Алмазбек Баатырбековдон коронавирус табылды. Бул тууралуу 24.kg агенттиги ишенимдүү булактарына таянып кабарлады.
Алардын маалыматы боюнча, Баатырбеков учурда үйүндө обочолонуп жатат. Дарыгерлер анын абалын орточо оор деп баалашууда. Бирок ал өзү азырынча комментарий бере элек.
Эске алсак, буга чейин өкмөттүн аппаратынын 26 кызматкери коронавирус менен ооруп жатканы жана вице-премьер-министр Эркин Асрандиевдин анализинен бул илдет аныкталганы белгилүү болгон.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн