Бугу 21, 2024
Убакыт: 18:45
USD
88.00
88.90
EUR
95.50
96.50
RUB
0.965
0.990

Алмазбек Батырбеков депутаттык мандатын тапшырды, ордуна Бейшенаалы Нурдинов келет

09.06.2020 12:57
839
Алмазбек Батырбеков депутаттык мандатын тапшырды, ордуна Бейшенаалы Нурдинов келет

 

Жогорку Кеңештеги «Кыргызстан» фракциясынын лидери Алмазбек Батырбеков мандатын тапшыруу боюнча арыз жазды. Бул тууралуу ал «Азаттыкка» билдирген.

Анын айтымында, алар 2015-жылы парламенттик шайлоого баратканда партия жаңы болуп, ар кими өз дараметине жараша шайлоо участкаларын алып, белгилүү бир добуш алуу үчүн иштеген.

«Менден кийин келе турган Бейшенаалы Нурдинов деген агабыз Бишкекте иштеп, эң көп добуш алган. Бирок партиядагы кээ бир адамдар алган милдетин аткарбай калган учурлар болгон. Ошондуктан бул киши кезегин күтүп көпкө отуруп калды. Мен «кезегиңиз келсе мен ордумду бошотуп бергенге даярмын» деп айткан элем. Анан ал кишинин кезеги келгендиктен сөзгө туруп бошотуп бердим», - деди Батырбеков.

Ал мандатын тапшыруунун дагы бир себеби катары алдыда болчу парламенттик шайлоого даярдык көрүү менен түшүндүрдү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн