Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 06:08
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Алмазбек Бейшеналиев Баткендеги жабыркаган билим берүү уюмдарынын абалы менен жеринен таанышты (фото)

04.05.2021 13:25
1021
Алмазбек Бейшеналиев Баткендеги жабыркаган билим берүү уюмдарынын абалы менен жеринен таанышты (фото)

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Баткен шаарындагы, Баткен жана Лейлек райондорундагы жабыркаган билим берүү уюмдарынын абалы менен жеринен таанышты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Министр Баткен шаарындагы В.И. Ленин атындагы мектепте, Баткен облустук гимназия-жатак мектебинде, Ж. Бөкөнбаев атындагы мектепте, А. Имаров атындагы мектепте жана Кызыл-Топу мектебинде жайгашкан качкындар менен жолугушту.

Андан ары А. Бейшеналиев Баткен районуна барып, №57 кесиптик лицейде баш калкалоого аргасыз болгон качкындар менен жолугуп, аларга түзүлгөн шарт менен таанышты.

Ошондой эле Ак-Сай айылындагы М. Ходжаев, Ак-Татыр айылындагы Ж. Момунов атындагы жабыркаган мектептердин абалын өз көзү менен көрүп чыкты.

Министр Баткендеги сапарын улай Лейлек районуна барып, Исфана шаарындагы №1 гимназия-жатак мектебинде жайгашкан качкындар менен жолугушту. Ошондой эле, болуп өткөн каргашалуу окуялардан жабыр тарткан «Максат» орто мектебинин жана «Сейтек-Максат» балдар бакчасынын абалы менен таанышты.

Эске сала кетсек, куралдуу кагылышуу маалында Максат айылындагы «Максат» орто мектеби талкаланып, жараксыз абалга келген. Буга чейин бул мектепте 200-300 окуучу билим алып, 20 мугалим, 12 техникалык кызматкер эмгектенген.

Бейшеналиев белгилегендей, мектепти кайра оңдоо иштери жакынкы убакта башталат, жаңы окуу жылынын башында балдардын мектепке барып билим алышына шарт түзүлөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн