Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 06:00
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Алмазбек Бейшеналиев Түрк академиясынын президенти Дархан Кыдырали менен жолугушту

01.02.2021 10:39
482
Алмазбек Бейшеналиев Түрк академиясынын президенти Дархан Кыдырали менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Алмазбек Бейшеналиев Түрк академиясынын президенти Дархан Кыдырали менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.


Жолугушууга ошондой эле, Түрк академиясынын президентинин орун басары Аскат Кесикбаев жана Түрк академиясынын мүчөсү, филология илимдеринин доктору, профессор Кадыралы Конкобаев дагы катышты.


Дархан Кыдырали Түрк академиясынын учурдагы ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат берип, кызматташтыктын алкагында чыккан китептер, ошондой эле жакынкы келечекте Академиянын алдында турган приоритеттүү пландар менен тааныштырды. Мындан тышкары, ал Кыргыз Республикасы менен кызматташуунун алкагында жүргүзүлүп жаткан биргелешкен иш-чаралар тууралуу жана түрк элдеринин географиясы менен адабиятын чагылдырган биргелешкен китептерди чыгаруу пландары жөнүндө айтып берди.


Алмазбек Бейшеналиев түрк элдеринин тарыхын жана маданиятын мындан ары кеңири жайылтуу максатында кызматташууну күчөтүүгө министрлик даяр экендигин айтты. Ошондой эле, Алмазбек Бейшеналиев Түрк академиясынын мүчөсү болгон өлкөлөрдүн ортосундагы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүдө жана кызматташтыкты бекемдөөдө маданий-гуманитардык кызматташуу маселеси маанилүү роль ойной тургандыгын баса белгиледи. 


Жолугушуунун жыйынтыгында Билим берүү жана илим министрлиги менен Түрк академиясынын ортосундагы кызматташтыктын улантылуусу макулдашылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн