Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 18:41
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Алмазбек Бейшеналиев иш сапары менен Панфилов, Жайыл жана Москва районуна барды

16.01.2021 11:09
931
Алмазбек Бейшеналиев иш сапары менен Панфилов, Жайыл жана Москва районуна барды

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев иш сапары менен Чүй облусунун Панфилов, Жайыл жана Москва райондорундагы көйгөйлүү мектептерге барып келди. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, министр Панфилов районунун Кум-Арык айылындагы Есенжан Кожомкулов атындагы жалпы билим берүү орто мектебине барды. Кожомкулов атындагы орто мектеби 1989-жылы курулган. Мектептин эскилиги жетип, бүгүнкү күндө спорт залынын абалы өзгөчө кооптуу. Министр спорт залына тиешелүү кагаздар менен таанышып, министрлик бул маселеде жардам берерин айтты.


Ошондой эле Бейшеналиев мектептин чарба кызматкерлери менен жолугушуп, алардын көйгөйлөрүн укту. “Дайыма эле мугалимдин эмгеги айтылып, бирок билим берүү тармагындагы уюмдарды тейлеп жаткан персоналдын эмгеги айтылбай калат. Чынын айтканда, сиздердин эмгегиңиздер өтө маанилүү. Сиздердин эмгегиңиздерге көңүл буруу убактысы келди”, - деди министр.


Панфилов районунун Чорголу негизги жалпы билим берүүчү мектеби 1961-жылы курулган. Типтүү эмес мектептин абалы 2014-жылы авариялык деп табылган. Мектепте ашкана, спорт залы, китепканасы жок. Жаңы мектеп куруу аракеттери ушул убакка чейин ишке ашпай келет. Алмазбек Бейшеналиев бул маселени көзөмөлгө алып, министрлик тарабынан жардам көрсөтүлөрүн билдирди.


Министр иш сапарын улай Жайыл районуна караштуу Ийри-Суу айылындагы Ийри-Суу негизги мектебине барды. Типтүү эмес мектеп 1963-жылы негизделген. Мектептин пайдубалы жок болгондуктан, жер астындагы суулар көтөрүлүп турат. Азыркы учурда мектеп жаңы имаратка муктаж. Мындан бир канча жыл мурун жаңы мектептин котлованы казылып, курулуш ошол менен токтоп калган. Алмазбек Бейшеналиев жаңы мектептин курулушуна министрлик тарабынан болгон аракеттер көрүлөрүн билдирип, маселеге тиешелүү иш кагаздарын министрликке жолдоону тапшырды.


Иш сапарынын акырында министр Москва районуна караштуу Ленин атындагы орто мектебине барды. Мектептин эң башкы көйгөйү – ашкана жабдыктарынын жоктугу. Ашкана бөлмөсү бош абалда турат. Мындан тышкар мектептин имараты ремонтко дагы муктаж. Алмазбек Бейшеналиев мектептин жана райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчилигине министрликке маселенин деталдары камтылган кат жөнөтүүнү тапшырып, министрлик көйгөйдү чечүүдө көмөк көрсөтөрүн айтты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн