Ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиевге
Бишкек ШИИББдин башчысынын милдетин убактылуу аткаруу милдети жүктөлдү. Бул
тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев Бишкек ШИИББдин кызматтык ишмердүүлүгү боюнча куратору болуп саналгандыктан Бишкек ШИИББдин башчысынын милдетин убактылуу аткаруу милдети жүктөлдү.
Ал эми учурдагы Бишкек ШИИББдин башчысы Канат Жумагазиев парламенттик шайлоого катышып жаткандыктан, өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу убактылуу токтотулган.
Буга чейин, жергиликтүү ЖМКлар ШИИББдин жетекчиси болуп Алмазбек Орозалиев дайындалганын жазышкан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн