Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 06:08
USD
89.10
89.87
EUR
94.70
95.70
RUB
0.935
0.960

Алтернатива барбы?

07.01.2022 10:58
2168
Алтернатива барбы?


Мындай тараза ташы кылтылдаган абалдан баары бир чыгышыбыз керек.  Бир караганда, эл менен элбиз, эл аралык келишимдерге кол койгон мамлекетпиз. Анткени, десек, алар деле кээде жардамга чакырсаң кол сунбай, жалдыратып койгон учурлары арбын. Аны кектеп, "баягыда минткенсиңер, ии кандай болот экен? Биз да мында катышпайбыз!" деп каалганы сыртынан жаап салсак жарашканы эле турат. Мамилени такташып. Боордош элибиз менен жакындыгыбызды билдирип...


БИРОК, маселенин экинчи бети биринчи бетинен маанилүү болуп турат. Анткени, айтышыбыз керек, алсызбыз. Экономикалык, соода-сатык, турмуш тиричилик жагынан ошол ОДКБдагылардын эле этегине эрмешип оокат кылып келе жаткан жатканыбыз жалганбы? Бүгүн, тик туруп каршы чыккандар, эртең ОРУСИЯ газ менен ГСМди бууп, Казакстандын кулабай калган бийлиги транзитти токтотуп койсо абалыбыз кандай болот? Кытай менен АКШ, Түркия менен Европа керектөөлөрүбүздү камсыздап бербейт! 


Ошондо абалыбыз кандай болот деген суроого эч ким жооп таба албайт экен. Ансыз да кымбатчылык жонубуздан турганда абалыбыз аянычтуу болуп, ошондо Орус акеге  куушуруп барып, көзүбүз жашылданып турбайбы? Жалпы журт карайлап калбайбызбы?


Ошондуктан, Кудай өзү кечирсин, казак боорлорго канчалык ылым санабайлы, чыр-чатагын жайгарып, тынчтыгын сактоого ары карап ыйлап, бери карап күлүп, катышууга туура келет окшойт...


Анын үстүнө казактарда да абал оорлошуп, элдин баштаган эстүү баштуу лидерлер чыкпай, координация болбой, курал жарак кимдерден кимдерге тараганы билинбей, хаос болуп турат. Кимиси карапайым, чындык үчүн чыккан эрктүү эл, кимиси террорист, кимиси кандай талап койгону билинбей баратат. Мындай абал биз үчүн да кооптуу...


Башка жөндүү пикир болсо, жогорку суроолорго далилдүү жооптор болсо анда бул оюмдан кайтайын.


Тынчтык Алтымышев, журналист 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн