Бугу 17, 2024
Убакыт: 16:56
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Алтынбек Бегалиев Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары болуп дайындалды

06.07.2022 10:56
467
Алтынбек Бегалиев Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары болуп дайындалды


Алтынбек Бегалиев министрлер кабинетинин алдындагы Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.


Кызматка дайындоо жөнүндө буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.


Мамлекеттик агенттиктин жамаатына директордун жаңы орун басарын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо бөлүмүнүн башчысы Айбек Жунушалиев тааныштырды, деп айтылат маалыматта.


Белгилүү болгондой, Бегалиев 1986-жылы Ысык-Көл районунун Григорьевка айылында туулган. Юриспруденция, ошондой эле мамлекеттик саясат жана башкаруу тармагында жогорку билимге ээ. Бул жылдары Мамкурулушта, президенттик аппаратта эксперт, бөлүм башчы болуп иштеген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн