Чын курандын 18, 2024
Убакыт: 10:36
USD
89.10
89.87
EUR
94.70
95.70
RUB
0.935
0.960

Алтынбек Максутов манасчы Рыспай Исаков менен жолугушту

24.10.2022 15:50
2587
Алтынбек Максутов манасчы Рыспай Исаков менен жолугушту



Бүгүн, 24-октябрда Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов манасчы Рыспай Исаков менен жолугушту.  Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


Маалым болгондой, жолугушууда министр манасчыны Түркиянын Бурса шаарында өткөн “Манас жумалыгында” 124 саат манас айтып, Гиннестин дүйнөлүк рекорддор китебине тынбай үн чыгарып окуу багытында катталгандыгы менен куттуктады. 


Өз кезегинде манасчы Рыспай Исаков министр Алтынбек Максутовдун жылуу кабыл алуусуна ыраазычылык билдирип, Гиннестин дүйнөлүк рекорддор китебине катталуусуна Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу жана салымы зор болгонун баса белгиледи. 


Белгилей кетсек, учурда "Манас" эпосун жайылтуу жана аны даңазалоо максатында мамлекет тарабынан тиешелүү иш- аракеттер жүрүп жатат. 


Мындай сейрек кездешүүчү өнөр ээлерин мамлекет тарабынан колдоого алынышы манасчылар тарабынан жылуу пикирлер айтылып, ал абдан маанилүү, жана алардындын демине- дем шыгына-шык бере турганын белгилеп келишет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн