Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнүн начальниги болуп милициянын подполковниги Мусаев Алтынбек Бакытбекович дайындалды. Бул маалыматты Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы тастыктайт.
Ал 1980-жылы Сузак районунда туулган. 2002-жылы КРнын ИИМдин Э.Алиев атындагы Академиясын аяктап, ички иштер органдарында оперативдик кызматтарда иштеген. Алтынбек Мусаев буга чейин Ноокен РИИБдин начальнигинин орун басары болуп эмгектенип келген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн