Бугу 16, 2024
Убакыт: 13:02
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Алтынбек Сулайманов: «Бир Бол» шайлоого кесипкөй, билимдүү жана таза жаштар менен бара жатат

04.09.2020 14:49
1450
Алтынбек Сулайманов: «Бир Бол» шайлоого кесипкөй, билимдүү жана таза жаштар менен бара жатат


Кыргызстан  тазаланууга жана таза инсандарга муктаж.  Биз алдыдагы парламенттик шайлоого кесипкөй, заманбап билимге ээ болгон таза жаштар менен аттанып жатабыз. Бул туурасында “Бир Бол” партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов “Тазалан!” экологиялык акциясында билдирди.


“Шайлоо алдындагы үгүт иштери башталды. Биз иштин көзүн билген, жаратман жаңы жүздөрдү бириктире алдык. Биз өзгөрүүгө жана өзгөртүүгө даярбыз!” – деди А. Сулайманов.


Аталган акция партиянын шайлоо алдындагы үгүт иштеринин бащталышына арналган. Экологиялык саамалык Бишкектин четиндеги Боз-Бөлтөк тоосундагы желексаптын аймагында өттү.


Иш-чарага талапкерлер, партиянын мүчөлөрү жана тарапташтары катышты.


“Биздин команда “Бир Бол” саясий партиянын жаңыланган жаңы командасы. Биздин  максатыбыз жана ниетибиз мамлекеттик башкарууда, сот системасында, жалпы элибизге тиешелүү ар бир тармактарды ириген-чириген , коррупционер, уурулардан тазаланып, өлкөбүздүн жаркын келечегине аттанып жатабыз” – деп билдирди “Бир Бол” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Жоомарт Жолдошев.


“Кыргызстаныбыз үчүн эң маанилүүсү – бул тазалык! Өлкөбүз таза болсо туризм, экология жана экономика өнүгөт. Биз туура жолду баштап, балдарга үлгү көрсөтүшүбүз керек. Биздин жакшы иштерибиз балдарыбызга таалим-тарбия болот. Бүткүл кыргызстандыктарды жаратман иштердин башында турууга чакырат элем” – деди “Бир Бол” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Айжан Чыныбаева.


“Тазалан!” акциясынын жыйынтыгында 300 кг таштанды чогултулду. Иргелген калдыктар  кайра иштетүүгө жиберилип, калганы таштанды полигонуна төгүлдү. 


Эске салсак, бүгүн, 2020-жылдын 4-сентябрында парламенттик шайлоого үгүт кампаниясы расмий түрдө башталды. Жогорку Кеңешке шайлоо өнөктүгү 4-октябрда өтөт. Ага 15 партия ат салышууда.


“Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Арзымбаева Чынара Кыясовнанын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 4-сентябрь, 2020-жыл.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн