Жогорку Кеңештин 1-апрелдеги кезексиз жыйынында депутат Алтынбек Сулайманов Казакстан унду Кыргызстанга сатпай тургандай чечим кабыл алганын маалымдап, алардын бул аракети коңшулук мамилеге туура келбей турганын айтты.
“Казакстан бизге унду чыгарбайбыз деп чечим кабыл алыптыр. Казактарды кыргыздар 30-жылдары ачкачылыктан сактап калган. Кыйын мезгилде коңшуларыбыз эмне үчүн мындай мамиле кылат? Бажы биримдиги иштеп жатабы? Бүгүн иштеп жатабы бул уюм? Болбосо кырдаалдан чыкканга чейин өзүбүзчө оокат кылышыбыз керек. Казактар бербесе унду башка жактан алалы”, - деди ал.
Пикирлер (2)