Бугу 15, 2024
Убакыт: 19:20
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Алтынбек Сулайманов Ысык-Көл облусунун башчылыгынан өз каалоосу менен кетти

27.09.2022 12:17
1756
Алтынбек Сулайманов Ысык-Көл облусунун башчылыгынан өз каалоосу менен кетти

Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов өз каалоосу менен кызматын тапшырды. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, Алтынбек Сулайманов кызматтан кетер алдында билдирүү жасап, бийлик менен элдин ортосундагы органдарды жоюу сунушун айткан.


"Баарыңыздарга маалым, мен дайыма өлкөбүздүн аймактык башкаруусун түп-тамырынан реформалоону сунуштап келгем. Ар дайым жергиликтүү бийликтин ишин сындап, губернаторлор, акимдер, айыл өкмөттөр толук кандуу иш жүргүзө албай жатканын да айтып келгем.


“Ат баспайм деген жерин миң басат” дегендей, тагдыр буйруп өзүм губернатор болуп калдым. Жергиликтүү бийликтин ишин жон терим менен сезип, ичинен көрдүм. Жергиликтүү бийликте бүгүнкүдөй башкаруу болуп турганда, элетте эч кандай өнүгүү болбосуна көзүм жетти. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу бийлиги олуттуу реформага муктаж. Борбордук башкарууну децентрализациялоо керек. Мен саясатчы, сөзүнө бек турган инсан катары ар бир баштаган ишимди аягына чыгарууга аракеттенип келем. Мындай жергиликтүү башкаруу системасы иштеп турганда аракеттерим текке кетерине көзүм жетти. Ошондуктан мен Ысык-Көл элинин да, өзүмдүн да убактымды кетирбей, өз каалоом менен кызматымды тапшырууну чечтим",- деп билдирди Сулайманов.





Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн