Тогуздун айы 18, 2024
Убакыт: 12:10
USD
85.35
85.85
EUR
92.20
93.20
RUB
0.870
0.910

Алтынбек Сулайманов КТРКны менчик колго өткөрүүнү сунуш кылды (видео)

10.06.2020 16:59
1330
Алтынбек Сулайманов КТРКны менчик колго өткөрүүнү сунуш кылды (видео)

 

Депутат Алтынбек Сулайманов мамлекеттик телеканалдарды жеке менчикке өкөрүүнү сунуштады. Ал мындай оюн бүгүн, 10-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.


Депутат КТРКнын башкы директору Жайнак Үсөн уулуна кайрылып, телеканалдын жылдык бюджети канча экенине жана канча кызматкер эмгектенип жатканына кызыкты.


Жайнак Үсөн уулунун айтымында, каналдын жылдык бюджети 396 млн сом болуп бекетилген, ал эми кызматкерлердин саны 910. “Айлык-акыны НТС каналына караганда КТРКнын журналисттери 50 пайызга азыраак алышат”, - деп айтты ал депутаттын суроосуна жооп берип жатып.


Бизге мамлекеттик телеканалдар керекпи деген суроо туулуп жатат. Бизге мамлекеттик канал керек эмес. Алардын барын жоюп туруп, жеке менчикке бериш керек. Бюджети 400 млн сомго жакын каражатты түзөт экен, ал акчага жылына 10 бала бакча курса болот. Бизге жылына 10 мектеп курулса пайдалуубу же КТРК пайдалуубу? Миңге жакын кызматкер иштеген бул каналдын пайдасы жок же алар жарытылуу айлык албайт. Бул каналдын рейтинги 5 пайыз экенин билесиз. Азыр эч ким көрбөй калды, элдин баары көз карандысыз каналдарды көрүп, интернеттен маалымат алышат”, - деди депутат.


Алтынбек Сулайманов КТРКны
жеке менчикке берүү менен акчаны экономдоо жана телеканалдар арасында эркин атаандаштыкка мүмкүнчүлүк түзүлөт, деп кошумчалады. 



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн