Казакстан унга киргизген чектөөнү алышы керек. Бул тууралуу депутат Алтынбек Сулайманов бүгүн, 15-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
“Эмне үчүн биз
казак туугандарга 1982-жылдагы макулдашуу менен сууну берип жатабыз? Алсак,
Киров суу сактагычындагы суунун 92%ы коңшу өлкөгө кетет. Токтогул, Орто-Токой
суу сактагычтарынан да суулар берилет. Өкмөт сүйлөшүү жүргүзүп, ЕАЭБдин
алкагындагы эрежелерди сактоо менен унга киргизилген чектөөнү талап кылгыла” –
деди депутат.
Андан тышкары, депутат күйүүчү-майлоочу майлардын жана газдын наркын да кайрадан карап чыгуу керектигин белгиледи.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн