Чын курандын 18, 2024
Убакыт: 06:04
USD
89.10
89.87
EUR
94.50
95.50
RUB
0.935
0.960

Алтынбек Сулайманов ЖК депутаты менен бирге мөндүрдөн зыян тарткан дыйкандар менен жолугушту

02.08.2022 10:30
604
Алтынбек Сулайманов ЖК депутаты менен бирге мөндүрдөн зыян тарткан дыйкандар менен жолугушту

Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Түмөнбаев, Түп районунун акими Каныбек Адиев менен бирге Түп районунда мөндүр алып кеткен айдоо аянттарына барды. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктүн маалымат кызматы кабарлады.


Маалыматка караганда, арпа, буудай түшүмдөрүнөн кол жууган дыйкандар арыз-муңдарын айтышып, айрымдары үрөндү насыяга алып сепкенин билдиришти. Алар бийликтен жардам сурашып, келтирилген чыгымдардын ордун толтуруп берүүнү өтүнүштү.


Бийлик өкүлдөрү келтирилген чыгымдардын көлөмү такталып жатканын, келтирилген чыгымдардын ордун толтуруу үчүн бардык күч-аракеттерин жумшай турганын билдиришти. 


Айдоо аянттарын сел алып кеткен Балбай, Күрмөнтү айылдарында арыктарды, жолдорду калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн