Бугу 20, 2024
Убакыт: 15:22
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Алтынбек Сулайманов акча алмаштыруу жайларынын жабылуусуна каршы

20.04.2020 18:24
932
Алтынбек Сулайманов акча алмаштыруу жайларынын жабылуусуна каршы


Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов бүгүн, 20-апрелде өзүнүн Фейсбуктагы баракчасы аркылуу жарандарга кайрылуу жасап, айрым депутаттардын акча алмаштыруу жайларын жабуу боюнча мыйзам долбооруна каршы экенин билдирди.


Урматтуу мекендештер, карантинде үйдө отургандыгыбызга байланыштуу видео аркылуу кайрылууга туура келип жатат. Мен өзүмдүн коллегаларыма кайрылайын дедим эле. Бир топ депутаттар мыйзам сунуштап жатышат. Ал мыйзам акча алмаштыруучу жайлар жабылсын деген демилгелер. Бул мыйзамды Улуттук банк 2015-жылы сунуштаган эле. Ал учурда депутаттардан колдоо тапкан эмес, ага бир топ себептер бар”, - деди депутат.


А.Сулайманов белгилегендей, бул мыйзам долбоору кабыл алынса бир топ жарандарга тоскоолдуктар жаралышы мүмкүн. Акча алмаштырууну каалагандар банктарга барып, кезекте туруп калышы мүмкүн.


Эркин атаандашуу болуш керек, акча алмаштыруу жайлары иштегени туура болот. Эл акча алмаштырууну кааласа жеңил барып алмаштырып алуулары керек, аларга эркиндик берүү зарыл. Келген туристтерге да ыңгайсыз болот, себеби алар банктарды издеп жүрүүгө туура келет”, - деп билдирди Сулайманов.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн