Бугу 09, 2024
Убакыт: 03:13
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Алтынбек Сулайманов демилгелеп жаткан мыйзам долбоорун президент да колдоп жатабы?

26.03.2021 17:36
1011
Алтынбек Сулайманов демилгелеп жаткан мыйзам долбоорун президент да колдоп жатабы?
Биз, демилгечи депутаттардын тобу шайлоочуларга партияны гана эмес, өзү каалаган талапкерди да тандоого мүмкүнчүлүк берген демократиялык Мыйзам долбоору – преференциалдык ыкманы сунуштадык.

Биздин негизги максатыбыз – шайлоочуга тандоо укугун толук кайтарып берүү.

Мыйзам долбоору кечээ, 25-мартта Жогорку Кеңеште 1-окууда каралды. Кесиптештерим дагы өз сунуштарын беришип, жалпысынан бул Мыйзам долбоору учурдун талабы экенин, элге тандоо укугун кайтарып берүү зарылдыгын белгилешип, колдоп беришти. Мыйзам долбоору добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Өз кезегинде, депутаттар бул мыйзам туурасында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын пикирин да угуп көрүштү. Боршайкомдун төрайымынын айтымында, сунушталып жаткан Мыйзам долбоору прогрессивдүү жана демократиялык шайлоо принциптерине жооп берет. Бул долбоор дүйнөлүк тажрыйба болуп эсептелерин белгилеп, мындай система менен шайлоо өткөрүү үчүн Борбордук шайлоо комиссиясында бардык заманбап технологиялар жана техникалык мүмкүнчүлүктөр бар экенин билдирди.

Демек, бул Мыйзамды ишке киргизүү үчүн эч кандай ашыкча каражат да сарпталбайт.

Байкашымча, бул Мыйзам долбооруна президенттин дагы көзү түз. Биз, демилгечи депутаттар тобу мындай демократиялуу жана адилеттүү шайлоо өткөрүүгө багытталган сунушубуз өлкө башчыбыз тарабынан колдоого ээ болот деп толук ишенебиз.

Алтынбек Сулайманов, Жогорку Кеңештин депутаты

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн