Бугу 17, 2024
Убакыт: 09:20
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Алуучулар жок. Mega’ны сатуу боюнча аукцион кийинкиге жылдырылды

02.10.2023 13:06
587
Алуучулар жок. Mega’ны сатуу боюнча аукцион кийинкиге жылдырылды


«Альфа Телеком» ЖАКты сатуу боюнча аукцион 11-октябрда өтөт. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти.


Эскерте кетсек, 4-июлда аталган башкармалыктын расмий сайтында «Альфа Телеком» ЖАКтын 100 пайыз мамлекеттик үлүшүн сатуу боюнча электрондук аукцион өткөрүү боюнча маалыматтык билдирүү жарыяланган. Электрондук аукцион 2-октябрга белгиленген.


29-сентябрга карата электрондук аукционго катышууга арыздар түшкөн эмес.


«Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жөнүндө» мыйзамдын талаптарына ылайык, «Альфа Телеком» ЖАКтын 100 пайыз мамлекеттик үлүшүн менчиктештирүү боюнча ведомстволор аралык комиссия талкуулап, пикир алмашып, бир добуштан келишимди узартуу чечимин кабыл алды. Электрондук аукционго катышуу үчүн электрондук арыздарды кабыл алуунун акыркы мөөнөтү 11-октябрга чейин», - деп айтылат билдирүүдө.


Эске сала кетсек, “Альфа Телеком” ЖАКтын мамлекеттик үлүшүнүн баштапкы баасы 14 миллиард 600 миллион сомду (4-июлга карата расмий курс боюнча 167,2 миллион доллар) түзөт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн