Бугу 15, 2024
Убакыт: 09:57
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

«Альянс Алтын» улутубуздун баатырларын унутпайт!

27.09.2022 12:21
801
«Альянс Алтын» улутубуздун баатырларын унутпайт!


Талас облусундагы «Жерүй» алтын кенин иштеткен «Альянс Алтын» компаниясы Советтер союзунун баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин 100 жылдыгына карата бир катар иш-чарага көмөк көрсөттү. 


Ушул жылдын 16-сентябрь күнү баатыр Чолпонбай Түлөбердиевдин туулган жери Талас облусундагы Чымгент айылында 100 жылдык эскерүү мааракеси болуп өттү. Аталган мааракени Чолпонбай айыл өкмөтү өткөрүп, демөөрчү катары «Альянс Алтын» компаниясы менен «Альянс Алтын» өнүктүрүү фонду 800 миң сом акчалай каражат бөлгөн. 


Мааракеде Чолпонбай Түлөбердиевдин баатырлыгын даңзалап айтыш өткөрүлүп, балбандардын күчүн сынаган кыргыз күрөш менен көкбөрү уюштурулуп ага конок катары коңшу Казахстандын Жамбул облусу менен Орусиянын Воронеж облусунун башчылары чакырылган. Орусиядан келген коноктор Чолпонбай Түлөбердиевдин эрдиги унутулбай турганын айтып, ал баатырлыгын көрсөткөн Дон суусунун боюнда жайгашкан Воронеж облусунда үч мектепке аты берилгенин, музейи, эстелиги орнотулганын белгилешти. 


«Альянс Алтын» компаниясы улут баатырларын унутпоо жана алардын эрдиктерин келечек муунга даңазалоо максатында кандай гана иш-чара болбосун колдоого алаарын айткан өнүктүрүү фондунун директору Батырбек Качкымбаев Чымгент айылындагы музейди дагы капиталдык оңдоодон өткөрүп беришкенин айтты.


«Чолпонбай Түлөбердиев жалгыз эле кыргыз элинин баатыры эмес бүтүндөй Советтер союзунун баатыры. Анын Улуу Атамекендик согушта душмандын дзотуна төшүнтоскон эрдиги канчалаган элдерди суктандырган. Мына ушул баатыр атабыздын өзүнүн туулуп өскөн айылында Чолпонбай Түлөбердиев атындагы музей бар. «Альянс Алтын» өнүктүрүү фонду мындан эки жылмурун чатырын жаңыртууга 1,5 миллион сом каражат бөлүп берсе, 2022-жылы капиталдык оңдоо иштерине деп 5 миллион сом акча бөлүп берген. Бүгүнкү күндө музей толук оңдолуп, ачылышы 100 жылдыкка карата 16-сентябрда болду. Баатыр Чолпонбай Түлөбердиевдин эрдиги келечек муунга үлгү», - деди Батырбек Качкымбаев.



Эске сала кетсек, Чолпонбай Түлɵбердиев 1922-жылы Талас облусунун Чымгент айылында туулган. Улуу Ата Мекендик согушка 1941-жылы чакырылып, 1942-жылы 6-августта душмандын дзотуна төшүн тозуп баатырларча курман болгон. Эрдиги СССР тарабынан бааланып Советтер Союзунун баатыры болгон. Бүгүнкү күндө Чолпонбай Түлөбердиевдин ысымы Бишкек шаарында парк, көчө, Таласта айыл өкмөтүнө ыйгарылган. 


Даярдаган Нургазы Айтымырзаев

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн