Кулжа 06, 2025
Убакыт: 08:08
USD
87.30
87.80
EUR
99.30
100.30
RUB
1.102
1.125

Амангелдиев: Бажы жетекчилеринин бүгүнкү жыйыны өнүгүүнүн жаңы этабына жол ачат

04.06.2025 13:01
51
Амангелдиев: Бажы жетекчилеринин бүгүнкү жыйыны өнүгүүнүн жаңы этабына жол ачат


Бүгүнкү жыйын — жыйынтык чыгаруу гана эмес, келечектеги өнүгүүнүн багытын аныктоочу мүмкүнчүлүк. Сөз боло турган темалардын актуалдуулугу жана талкуулардын конструктивдүүлүгү интеграциялык процесстерди чыңдоого, санариптик трансформацияны илгерилетүүгө, кадрдык потенциалды өнүктүрүүгө багытталган маанилүү чечимдерди кабыл алууга шарт түзөт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Чолпон-Атада Бажы кызматтарынын жетекчилеринин кеңешинин жыйынында билдирди. 


“Бул кеңеш - шериктештикке мүчө мамлекеттердин бажы администрацияларынын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууда натыйжалуу механизм болуп келе жатат. Евразия мейкиндигинде бажыны жөнгө салуу чөйрөсүндө координацияны бекемдөө жана ыкмаларды шайкеш келтирүү боюнча профессионалдуу диалог жүргүзүүгө абройлуу аянтча болуп саналган бул жыйынга катышуу Кыргызстан үчүн чоң сымык. Эки иш-чаранын параллелдүү өтүшү - интеграциянын жогорку деңгээлин жана соода-экономикалык процесстердеги глобалдык трансформация шартында жалпы милдеттерди комплекстүү талкуулоонун маанилүүлүгүн билдирет”, - деп белгиледи ал. 


Белгилей кетсек, бүгүнкү жыйын кызматташтыктын негизги багыттарын талкуулоого, жалпы мамилелерди иштеп чыгууга жана мамлекеттердин бажы кызматтарынын ишин андан ары өркүндөтүүгө өбөлгө боло турган чечимдерди кабыл алууга мүмкүндүк берет.


Эскерте кетсек, Чолпон-Ата шаарында Бажы кызматтарынын жетекчилеринин кеңешинин 80-жыйыны, ошондой эле Бажы кызматынын биргелешкен коллегиясынын 50-жыйыны өттү.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн