Тогуздун айы 09, 2025
Убакыт: 14:27
USD
87.30
87.80
EUR
101.30
102.30
RUB
1.065
1.095

Амангелдиев Евробиримдиктин санкциялар боюнча атайын өкүлү менен жолугушуу өткөрдү

09.10.2025 11:08
15
Амангелдиев Евробиримдиктин санкциялар боюнча атайын өкүлү менен жолугушуу өткөрдү


Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев менен Европа биримдигинин санкциялар боюнча атайын өкүлү Дэвид О’Салливандын онлайн режиминде жолугушуусу болуп өттү. 


Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өнөктөштүктү, саясий диалогду жана соода-экономикалык, инвестициялык чөйрөлөрдөгү өз ара пайдалуу кызматташтыкты жана «жашыл» күн тартибинин алкагында кеңейтүүгө багытталгандыгын ырасташты.


Санкциялык күн тартиби боюнча пикир алмашуу болду. Бул контекстте Данияр Амангелдиев эл аралык милдеттенмелерди так сактоо менен экономикалык туруктуулукту жана эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн динамикасын сактоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи. 


Министрлер кабинетинин башчысынын биринчи орун басары жана ЕБнын атайын өкүлү ачык-айкындуулукка жана өз ара сыйлоого негизделген ачык жана конструктивдүү диалогго берилгендигин ырасташты, ошондой эле жакынкы аралыкта өз ара сапарларды өткөрүү боюнча макулдашышты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн