Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 20:35
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Амангелдиев: Кыргызстан экономиканын өсүүсү боюнча ЕАЭБ өлкөлөрүнөн алдыда

04.10.2022 13:33
1011
Амангелдиев: Кыргызстан экономиканын өсүүсү боюнча ЕАЭБ өлкөлөрүнөн алдыда


Кыргызстан экономиканын өсүү көрсөткүчү боюнча Евразия экономикалык биримдигине кирген башка өлкөлөрдү ашып өтүүдө. Бул тууралуу экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев билидирди.

Анын маалыматына караганда, Кыргызстандын экономикасы өткөн жылдын сентябрь айынан тарта оң тенденцияны көрсөтө баштады.

"Ал эми андан кийин өсүш болжол менен 0,1% түздү. Ошол жылдын аягында өкмөттүн макулдашылган ишинин жана аракеттеринин аркасында 3,6%га жетишүү мүмкүн болгон. Бүгүнкү күндө көрсөткүчтөр дагы да жакшыраак болууда. 8 айдын жыйынтыгы боюнча экономиканын өсүү темпи 8%ды көрсөттү. Бүгүн биз ЕАЭБдеги өнөктөштөрүбүздөн пайыздык көрсөткүчү боюнча алдыдабыз", - деди министр.

Ал Кумтөр алтын кенинин республиканын карамагына толук өтүүсү менен кийинки жылдан тарта өндүрүш көрсөткүчү мурдагыдай бөлүп көрсөтүлбөстөн чогуу көрсөтүлө баштай турганын кошумчалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн