Министрлер кабинети чара көрбөгөндө азык-түлүктүн баасы 30%га кымбат болмок. Мындай пикирин Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев билдирди.
Анын айтымында, учурда азык-түлүктүн баасы Министрлер кабинети тарабынан кабыл алынган чечимдерден улам туруктуу сакталып турат.
"Министрлер кабинети убагында чара көрбөгөндө азыр азык-түлүктүн баасы 30 пайызга кымбат болмок.
Азык-түлүккө болгон баа кескин кымбаттап кетпеши үчүн товар жеткирүүчүлөрдү кошумча нарк салыгынан бошоттук",- деди министр.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн