Аяк оона 30, 2024
Убакыт: 14:24
USD
84.10
84.60
EUR
93.40
94.40
RUB
0.890
0.930

Аманкан Кенжебаев, ЖК депутаты: “Эттин баасы акырындап түшөт”

30.09.2024 11:40
15
Аманкан Кенжебаев, ЖК депутаты: “Эттин баасы акырындап түшөт”


- Аманкан Батырбекович, тармактык комитеттин төрагасы катары эттин кымбаттаганы боюнча эмне айта аласыз?


- Малды баккан киши өзүнүн эмгегинин үзүрүн көрүшү керек да. Андыктан, эттин баасынын кымбаттаганы алар үчүн жакшы, бирок сатып алган элге кичине кыйыныраак болууда. Малдын баасы жалгыз эле Чүйдө эмес, бүт региондордо көтөрүлдү. Малдын Өзбекстанга чыгып кетип атканы да кичине таасир этти окшойт. Бирок, бул агым токтоду. Азыр мониторинг жүргүзүп, бааны байкап атабыз. Ветеринардык кызматтын директору Каракол, Токмок, Сокулукка барып, чоң базарларды көрүп келди. Баа кичине түшүп атат. Экинчи себеби, быйыл аба ырайы жакшы болуп, жем-чөп көп даярдалды. Баасы да кыйла арзан. Малдын баасынын кымбаттоосуна ошол да таасир этүүдө. 


- “Малдын башы азайып, ошондон улам эттин баасы кымбаттады” деген түшүндүрмөгө сиз кошуласызбы?


- Малдын башы азайган жок. Бизде бир аз талаш-тартыш бар. Статбашкармалык малдын башын бир аз азыраак берүүдө. Бирок, биздин эсеп боюнча мал азайган жок. Демек, эттин кымбатташына ал себеп эмес. Мен ойлойм, эттин баасы акырындап түшөт. Негизинен бааны көзөмөлдөп турушубуз керек. Эт бизге сырттан келген жок, бул өзүбүздө өндүрүлгөн продукция. Ошон үчүн көзөмөл керек. Антпесек, сатып алуучуларга кыйынчылык жаратууда. Анан өзүбүз да ысырып кылбай, этти туура пайдалансак жакшы болот эле. Күнүгө аш-той, ар бир үйдө эт желбей турат. Сатып алуучу, талап көп, ошон үчүн эттин баасы кымбат. 


Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн