Бугу 24, 2024
Убакыт: 10:47
USD
87.80
88.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.970
0.990

Амантай акындын “Аалам санатына” ак жол!

05.04.2024 13:15
2502
Амантай акындын “Аалам санатына” ак жол!


Амантай ушул азыркы калың элге таанымал чоң акын болгончо, өз жандүйнөсү менен кошо бүткөн, өзү жакшы көргөн өнөрүнүн бийигине умтулуп, сересине көтөрүлгөнчө, түйшүктүү турмуштун түмөн жолдорун жакшы эле басты. Умтулткан өнөрүнүн ысыгына күйүп, суугуна тоңду. Ушуга бир мисал: өткөн кылымдын 1991-жылдын 19-августунда Москвада өткөн путч окуясынан кийин дүйнөгө таасири зор СССР деп аталган үлкөн империя кулады. Ошол таасирдүү империянын кучагынан бошонгон кыргыздар автоматтуу түрдө эркиндикке ээ болду. Кыргыз коому өзүнчө эркин мамлекетке айланып, чамгарагы көтөрүлдү. Эркиндигине карабай, өлкөдө жаралган экономикалык тартыштык, материалдык каатчылык жалпы кыргызды зор түйшүккө салды. Базар экономикасы деген түшүнүк келди. Түзүлгөн ушундай шартта адабиятың, маданиятың деле мындай калып, элдин баары жалаң эле кара курсактын камын ойлоп калышты. Эптеп жашап калуу амалын кылышып, жүгөрү нан жеп калган көрүнүштөр деле болду. 


Ошол учурда салттуу өнөр деле жок болуп кетүү коркунучунда турган. Турмуштун андай көрүнүштөрү Амантай акындын дүйнөсүнө да таасир берди, бүлүк салды. Бирде материалдык дүйнөнүн камын көрүп, бирде рухий дүйнөнүн кызыгына арбалып, эки дүйнөнүн ортосунда калып, эки оттун ортосунда чарпылып, айланып учкан чарк көпөлөктөй абалда калганын туйду. Эгер кокус туура эмес тандоого барса, канатын отко күйгүзүп алган көпөлөктөй абалда каларын жакшы түшүндү. Себеби, Амантай акын ошол учурда өнөргө аралашып, өнөрдүн артынан түшүп, өнөр кууп калган психологиялык  абалда болчу. Анын туура багыт алуусуна өнөрдү сүйгөн ошол табияты чоң түрткү берип, үстөмдүгүн жүргүздү окшойт. 


Ал учурда Амантай бала эле да. Китепканаларга көп каттачу, азыр деле ошол салтынан жаза элек. Касымалы Баялинов атындагы китепкананын гезит-журналдар сакталган чоң залында көп отурчу, болбосо, Алыкул Осмонов атындагы китепканада жүрчү. Айтор, капыл-тапыл кездешип калчу жерибиз – китепкана болор эле. Жолукканда саламынан жазбаган илбериңки элпек мүнөзү байкалып турчу. Маңдайына үңүлсөң: сары чийкил жүзүндөгү уурту жылмайып, ага кошулуп бүтүгүй көздөрү кошо күлмүңдөп турганын көрөсүң. Айрымдардын көзүнө үңүлсөң, таптаза боштук го, а мунун күлмүңдөгөн көздөрүнүн тереңинен кимге болбосун чындап мамиле кылган, куулук-шумдугу жок жасалмасыз жандүйнөсүнүн абалы окулуп турчу... Эл китеп окубай калган мезгил келди. Амантайдын китеп окубай калган мезгили болгон жок, анүстүнө ачык коом башталып, сырттан үстү-үстүнө тынбай агылып келген адабияттарды опкоктук менен жутуп окуду. Джидду Кришнамурти, Шри Ауробиндо, Бхагван Шри Раджниш-Ача-Ошо сыяктуу мистик философтордон тартып, Франц Кафка, Альбер Камю, Жан Поль Сартр, Сальвадор Дали, Ингмар Бергман сыяктуу дүйнөлүк деңгээлдеги жазуучу, кинорежиссер, сүрөтчү авторлорду, албетте, өзүбүздүн элдик өнөрдү, акындар чыгармачылыгын жеп-жутуп өздөштүрдү. Кийин акындык өнөрдүн бийигине көтөрүлүп чыга келгенде, азыр деле айтыштарда байге үстүнө байге жеңип алып, элинин кызуу кол чабуусуна татыган мезгилдерде – Амантай акындын ошол окумал, издемчил табиятынан келип жаралган бай рухий дүйнөсүнүн, ааламынын (микрокосмунун), дүйнө таанымынын тереңинен келип импровизациялык эстетиканын касиети аркылуу оозунан нөшөр болуп төгүлүп, жамгыр болуп жамакталып жаткан ырларынын тереңдиги менен кенендигине абай салып аңдаганда – баягы Амантай акындын окумал табияты аркылуу көкүрөгүнө жыйналган көмүскө жандүйнөсүнүн рухий ааламынан ушундай тереңдикте, кенендикте (трансформацияланып) берилип жатабы (?) деген ой биздин аң-сезимибизге келет...


Амантай акындын “Аалам санаты” аталган китебинин кол жазмасын окудук. Биздин жеке пикирибизде, бул китеп өзүн колго алган окурманын эч качан кайдыгер абалда калтырбайт, өз кызыгына арбап, тартып кетет... Китепке Амантай акын эл аралык деңгээлдеги чыгармачыл адамдардын учкул ойлорун топтоп киргизген. Башкача айтканда, дүйнөлүк наркы бар авторлордун учкул ойлорун бир китепке жыйнаган жыйноочулук милдет өтөгөн. Европада, жалпы дүйнөлүк искусстводо “максима”, “афоризм” деген жанрдык түшүнүк-дефиниция, аныктама жашайт. Бул жанрдык түшүнүк кыргыз көркөм дүйнөсүндө “учкул ойлор”, “санат ойлор”, “даанышман ойлор”,“залкар ойлор” деген түшүнүк сөздөр менен аталып жүрөт. Ошол учкул сөздүн, афоризмдин негизги жанрдык белгиси кандай айтылбасын, ар мезгилде айтылбасын, ага карабай, дайыма өзүнүн актуалдуулугун жоготпой, сактап айтылат. Бул ойду дагы мындай түшүндүрсө болот: кылымдан кылым өткөрүп, ага дагы бир кылым кошуп берип, ошол үч кылым өткөндөн кийин баягы ошол үч кылым сакталган залкар ойдун тереңине үңүлүп карасак – анда айтылган фразага чөгөрүлгөн ойдун залкарлыгы (актуалдуулугу) калыбынан бузулбай, солк этпей, жоголуп кетпей турат! Шагыраган чүкөлөрдүн ичинен табияты сакалыкка жарачу бир эле болот го, качан, кандай шартта, кандай абалда болбосун, өкчөсөң, айкүр турат, канча өкчөсөң да, кайра-кайра өкчөсөң да айкүр конгонунан жанбайт!.. Залкар ой да ошондой – айтымдын тулку боюна чөгөрүлгөн ой дайым өзүнүн залкарлыгын жоготпой турат! Афоризмдерди кыргыз тилинде “залкар ойлор” деп атаганыбыз жөндүү. Амантай акын залкар ойлордун жанрдык табиятындагы мына ошол негизги уюткусун терең билет, жакшы ажыратат. Өзүнүн китебине залкар ойлорду башка микротексттер менен (накыл сөздөр, макал-лакаптар, ж.б.) алмаштырып, чаташтырып албай, кумдан алтын издегендей, жалаң залкар ойлорду чогулткан. Залкар ойлордун өздөрүнө таандык стилдик өзгөчөлүктөрү бар. Залкар ой композициялык жактан уюшулганда, бири-бирине байланыштуу болгон эки бөлүктөн курулат. Биринчисинде көрүнүш-түшүнүк жөнүндө ой айтылса, экинчисинде маани-маңызы ачылып, чечилет. Демек, залкар ой – ойдон жана ой-корутундудан турат. Айрым учурда бул эки компонентти ажыратуу кыйын. Бирок контексттик структурада сөзсүз катышат. Биринчиге автордук баа таандык болсо, жыйынтыгында ой, ойдун “тузу” – жыйынтык натыйжасы айтылат. Залкар ойлордо мындай стилдик структура композициялык жактан өтө бай ар кандай жайланыш, уюшулуш структурасына ээ болот. Амантай акындын “Аалам санаты” китебиндеги залкар ойлор формалык жактан айрым учурда эле ыр түрүндө берилбесе, көпчүлүк мезгилде залкар ойлордун стилдик өзгөчөлүгүнө баш ийип, проза түрүндө, кара сөз абалында – формалык жактан жөн эле сүйлөмдүк курулуш менен берилген, бирок Амантай акын залкар ойлордун идеяларын өзүнө сиңирип алып, ал идеяларды акындык өнөрүнүн табиятына келтирип, кээде төгүп жараткан, кээде жамактатып жараткан ырларынын саптарына чөгөрүп, тулку боюна сиңирип койгон залкар ойлорду формалык жактан ырга айландырып койгон... Башкача айтканда, Платон, Сократ, Эврипид, Хемингуэй, Асадов сыяктуу ар кыл доорго, маданиятка таандык болгон толгон-токой улуулардын залкар ойлору ыр формасында айтылып, кыргызга жакын, кыргыз жыттанып тургандай абалга келип, аларды чогултуп, ырга айландырып берген Амантай акындын өзүнө да кайсы бир деңгээлде окшошуп калгандай. Эми бул залкар ойлордун которулгандан кийин кандай чыкканы, бутага кандай тийгени окурмандардын таразасына коюлар... Амантай акындын котормосунун өзгөчөлүгү ушунда. Тамашалап айтканда, залкар ойлорго артист кийимин кийгизип, ар бирине комуз карматып, сахнага айтыштырып чыгышы да мүмкүн.


Эмне дейбиз, Амантай Кутманалиевдин “Аалам санаты” китебинин окурмандарга жетээр жолу ачык болсун! Жалпы эл, окурман журт сүйүп окуган, колдон-колго талашып, жыртылганча окулган, элге жакын түшкөн китеп болсун! Амантай акындын өзүнө акындык жигер, ден соолук каалайлы!
                    

Рысбек Эшматов, КР УИАнын Ч.Айтматов атындагы тил жана адабият институтунун ага илимий кызматкери  

Булак: “Азия Ньюс” гезити 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн