Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 01:16
USD
89.10
89.87
EUR
94.70
95.70
RUB
0.935
0.960

Амантур Мусагулов: Жакшы демилге менен башталган Курултайды Дамира Ниязалиевага окшогондор тамтаракайын чыгарбаса болгону…

17.11.2022 16:42
769
Амантур Мусагулов: Жакшы демилге менен башталган Курултайды Дамира Ниязалиевага окшогондор тамтаракайын чыгарбаса болгону…

«Курама темир курч болот» же Курултайдын «ийри отуруп түз кеңеши» ишке ашат деген ишенич…


Бир жумадан кийин Президентибиздин демилгеси менен Биринчи жалпы Элдик Курултай (БжЭК) ɵтɵт. Ɵлкɵ боюнча элдин атынан сүйлɵй турган делегаттар шайланып бүттү. Мен дагы кичи мекеним, туулуп-ɵскɵн киндиктеш айылым Кочкор районуна караштуу Мантыш айылынан делегат болуп шайландым. Тактап айтканда Кочкор районуна караштуу Кара-Суу айыл ɵкмɵтүнɵн (карамагына Мантыш, Кызыл-Дɵбɵ, Ак-Талаа, Кара-Мойнок жана Орток айылдары кирет) эки делегат кɵпчүлүк добуш менен шайландык. Ɵзүм катышкан адам катары айтсам, шайлоо боюнча айтсак элдин чечимине эч ким кийлигишкен жок. Шайлоонун жүрүшү таза ɵттү, шайлоо маалында жергиликтүү бийликтин бир да ɵкүлүн кɵргɵн жокмун. Демек, басым-кысым менен эмес, элдин каалоосу менен делегаттар шайланды десем жаңылышпайм.


Эми эл ичинен алгачкы шайланган делегаттар боюнча айтсам, элдин азырынча Курултай боюнча кеңири маалыматы жокко эсе экен. «Курултайда эмне маселе каралат экен жана чечилет бекен?», «Курултайда делегаттар Президенттин алдында элдин кɵйгɵйүн айтып койсоңор эле маселе чечилип калат бекен?», «Делегаттар канча убакытка шайланат экен жана делегаттар эмнени кыйратат экен?» деген сыяктуу суроолорго жоопту жалпы эл эмес, шайланган делегаттар деле билбейбиз!


«Жакшы тилек жарым ырыс», -деген сɵз бар кыргызда. Анын сыңарындай мен дагы жакшы тилек менен Курултай ɵз максатына жетет деген терең ишеничтемин. Президент ɵзү башында туруп жыл сайын жалпы элдик Курултай аркылуу элге отчет берип, «ийри» олтуруп түз кеңешели деген демилгеси мыкты. Муну ɵз максатына жеткирүү жалпыбыздын (айрыкча делегаттардын) ишибиз деп түшүнɵм.


Ал эми Курултайдын ар бир делегатына сɵз берилиши керек деген абсурд. Ар бир делгаттын сɵзүн уга турган болсок, анда бир ай боюу Курултай ɵткɵрүш керек болот. Андыктан сүйлɵй тургандар калыстык менен талдалып, кеңешүү менен маселе кɵтɵрүлүшү керек деп эсептейм. Биринчи жалпы Элдик Курултайда кɵтɵрүлгɵн маселелер кийинки жылы ɵтɵ турган Курултайга чейин ишке ашса, демек, Курултай ɵз максатына жеткен болот. Курултайдын жобосунда кандай экенин билбедим, бирок, «кой аксагы менен миң» дегендей мурун-кийин мамлекеттик чоң кызматта иштегендер делегат болуп келе жатышат. Туура эл ичинен шайланды. Бирок, мурун чоң кызматта жүргɵндɵр эми келип мен да делегат болот элем чамынып, жулунуп чыкпай эле койсо болмок. Аларың делегат эле эмес, бүтүндɵй бир дубандын атынан Президенттин жанында олтуруп маселе кɵтɵрɵм деп дээлигип атышат. Маселен, Нарын областынан жан далбастап атып «кɵзүр делегат» болуп шайланып алган экс-депутат, экс-вице-премьер министр Дамира Ниязалиева бийликте турганда чечпеген маселелерди эми чечем деп алкынып турган маалы. Жакшы демилге менен башталган Курултайды Ниязалиева окшогондор тамтаракайын чыгарбаса болгону…


Айтыла турган сɵздɵр али алдыда…


Амантур Мусагулов, журналист 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн