Бугу 01, 2024
Убакыт: 02:33
USD
88.80
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.940
0.965

Америкада элди тамашага салам деген адам атып өлтүрүлдү

08.02.2021 11:51
510
Америкада элди тамашага салам деген адам атып өлтүрүлдү

АКШда пранкер каракчылык кылып, тамашалуу видео тартып жаткан учурунда атып өлтүрүлдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.


Маалыматка ылайык, окуя АКШнын Теннесси штатынын Нэшвилле шаарында болгон. Элди тамашага салган деген Тимоти Уилкс аттуу жаран жана анын досу унаа токтотуучу жайлардын биринде касап бычактары менен тоноо уюштурушкан. Бирок элдин арасынан 20 жаштагы жаран видео учурунда пранкерди атып салган. Шектүү полиция кызматкерлерине мунун баары пранк экенин билбей окуяны олуттуу кабыл алганы менен түшүндүргөн.


Басылмалар билдиришкендей, жергиликтүү укук коргоо органдары окуя боюнча иликтөө жүргүзүп жатышат. Ал эми пранкерди атып салган жаранга азырынча эч кандай чара көрүлө элек.

Булак: "Супер.кг"


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн