Бугу 14, 2024
Убакыт: 00:49
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Америкада эстеликтерге каршы согуш улантылууда (сүрөт)

26.06.2020 20:06
1157
Америкада эстеликтерге каршы согуш улантылууда (сүрөт)


Россиялык аскер геодезисти Михаил Гвоздев жана деңиз саякатчысы Иван Федоров жетектеген экспедиция тарабынан 1732-жылы ачылган Аляска 135 жыл бою Россия империясынын ээлиги болгондугу тарыхта белгилүү.


XVIII кылымдын аягы XIX кылымдын башында (1799-жылы) бул жерде россиялык ээликтердин башкаруучусу Александр Баранов Ново-Архангельск шаарын негиздеген.Ал эми орус императору Александр II Алясканы Америка Кошмо Штаттарына 7,2 миллион долларга саткан 1867-жылдан тарта бул шаар Ситки деп аталат.


Ситки шаарынын жашоочулары шаардын борборуна орнотулган Александр Барановдун (1747−1819) айкелин алып салуу демилгесин көтөрүүдө деп маалымдады ТАСС агенттиги. Бул туурасында шаардын башчысы Джон Лич 25-июнда агенттикке билдирген.




Скульптор Джоан Багби-Джексон тарабынан жасалган айкелди 1989-жылы жергиликтүү үй-бүлөлөрдүн бири шаардык муниципалитетке тартуу кылып, ошондон бери Барановдун айкели океан жээгиндеги Harrigan Centennial Hall коомдук борборунун алдындагы паркта турган.




Личтин айтымында, активисттердин тобу 23-июнда өткөн шаардык кеңештин ачык сессиясында айкелди алып салуу демилгесин көтөрүп чыгышкан. Алардын пикиринде, Барановдун айкели түпкүлүктүү элдердин ар-намысына шек келтирет. Ошо эле учурда айкелдин тарыхый жана көркөм баалуулугу бар дегендер да аз эмес. Айкелди тартуу кылган шаардагы таасирдүү Хеймстердин үй-бүлөсү скульптордун эмгегин сыйлоого жана айкелди сактап калууга чакырууда. Айкелди башка жакка алуу чечимин шаардык кеңеш кабыл алат. Бирок, 30-июнда өтүүчү жыйындын күн тартибинде бул маселе коюлган эмес. “Акыркы чечим тараптардын кызыкчылыктарын эске алуу менен кабыл алынат”, - деди Лич.




Өз кезегинде шаардын мэри Гэри Пэкстон ТАСС агенттигине айкелди сактап калуу үчүн шаарда түпкүлүктүү элдердин биринин, мисалы тлинкиттердин өкүлүнө айкел тургузуу менен сактап калууга болот деген пикирин билдирди. Айтымында, шаарда орус мурастарын урматтагандар жок эмес. Ошол эле учурда тлинкиттер шаар жашоочуларынын үчтөн бирине жакынын түзөт.




Эске салсак, өткөн доордогу бир катар саясатчылардын айкелдерин алып салуу талабынын жаңы толкуну афромарикалык Джордж Флойдун өлүмүнөн кийинки нааразылык акцияларынын фонунда башталган. Ал акциялар баш аламандыктарга жана талап-тоноолорго айланып, вандалдар эстеликтерди бүлдүрүүгө чейин барышууда.




Мисалы, Америка континентин биринчи болуп ачкан деңиз саякатчысы Христофор Колумбдун бир нече эстелиги, ошондой эле Портленд шаарында АКШнын биринчи президенти Джордж Вашингтондун айкели кулатылды. Бийлик эстеликтерди кайтарууга улуттук гвардиянын жоокерлерин тартууга аргасыз болууда. Вашингтондун полициясы АКШнын 7-президенти Эндрю Джексондун эстелигин араң дегенде сактап калды. Бирок, 18-президент Улисс Гранттын, жана АКШнын гимнинин автору Фрэнсис Скоттун Сан-Францискодогу эстелиги баары бир зыянга учурады.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн