Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 02:36
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Америкадагы кыргызстандыктар мекенине жардам берүүнү улантууда

10.07.2020 13:55
943
Америкадагы кыргызстандыктар мекенине жардам берүүнү улантууда


АКШнын Пенсильвания штатынын Филадельфия шаарында жашаган кыргызстандыктар мекендештерине 24 кычкылтек концентраторун салып жиберишти. Бул тууралуу Твиттер колдонуучусу Айдар жазды. 


"Бүгүн 24 кычкылтек концентраторун Түркия аркылуу Кыргызстанга жөнөтүлдү. Алар Филадельфиядагы кыргызстандыктардын диаспорасынын эсебинен алынды",  - деп жазды ал. 


Ошондой эле, Америкада иштеген Урмат Абасканов дагы 10 аппаратка буйрутма берген. 


"Бүгүнкү кырдаал Кыргызстанда абдан оор болуп жатат, биз дагы четте карап турбастан Токтогулдун ооруканасына жеке үй-бүлөмдүн атынан 5 кычкылтек концентрат аппаратына Түркиядан буйрутма берип койдук ( буйруса жуманын аягына келип калат ) жана өнөктөштөрүмдун атынан дага 5 кычкылтек концентрат аппараттарын башка аймактарга, жана ошондой эле компаниябыздын атынан азыркы учурда кырдаал курчуп турган Бишкеке материалдык жардам көрсөтүп жатабыз", - деп жазган ал. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн