Бугу 14, 2024
Убакыт: 09:42
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

АКШда карантинге каршы митинг өттү

20.04.2020 11:16
952
АКШда карантинге каршы митинг өттү


АКШнын Вашингтон штатында 2-2,5 миңге жакын адам коронавирс илдети таркап жаткан учурда үйдө калууга каршы митинге чыкты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.


Маалыматка ылайык, чектөөлөр Вашингтондо 4-майга чейин киргизилген. Ал эми аталган штатта 12 миңге жакын адам илдетти жуктуруп алган.

 

Маалыматка таянсак, митингди республикалык-мыйзамчылар уюштурган. Республикалык партиянын өкүлү Роберт Сазерлэнд чогулгандарды эгер бийлик сүйүүчүлөр арасындагы балык улоого уруксат бербесе “Төңкөрүш баштагоо” чакырган.


Митинге чыккандар штаттын губернатору Жей Инзли чыгарган буйрукка жана медицина кызматкерлеринин берген көрсөтмөлөрүн бузган. Ошондой эле, 50 адамдан ашыкча чогулууга болбойт деген мыйзамды бузганы жана алардын көпчүлүүгү медициналык беткап такпаганы айтылат.


Митинг тынч жана эч кандай кагылышуу болбогонун, эч кимди кармабаганын Вашингтондун полициясы билдирген.


Эске салсак, АКШда COVID-19 вирусун жуктуруп алгандар 722 761 адамга жетип, алардын 40 миңден ашыгы каза болгон.


 

 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн