Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 08:04
USD
84.40
84.90
EUR
93.40
94.40
RUB
0.910
0.950

Амрулла Салех өзүн Ооганстандын президентинин милдетин аткаруучу деп жарыялады

17.08.2021 21:14
640
Амрулла Салех өзүн Ооганстандын президентинин милдетин аткаруучу деп жарыялады

Ооганстандын президенти Ашраф Ганинин убагында биринчи вице-президент болгон Амрулла Салех өзүн Ооганстандын президентинин милдетин аткаруучу деп жарыялады. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазган.


"Ооганстандын баш мыйзамында так көрсөтүлгөн мамлекет башчысы каза болуп, отставкага кетип же өлкөдөн качып кеткен учурда анын ыйгарым укуктары биринчи вице-президентке жүктөлөт. Ошондуктан бүгүнкү күндө мыйзамдуу Президенттин милдетин аткаруучу катары бардык бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө макулмун",- деп билдирүү калтырган Салех.


Амрулла Салех азыркы учурда жалгыз талибандардын колуна өтпөгөн Панджшер провинциясында.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн