Бугу 21, 2024
Убакыт: 17:04
USD
88.00
88.90
EUR
95.50
96.50
RUB
0.965
0.990

Англия "Европа Биримдигинен" расмий түрдө чыкты

01.01.2021 09:36
927
Англия "Европа Биримдигинен" расмий түрдө чыкты

Улуу Британия Евробиримдиктин мүчөлүгүнөн чыгышы 31-декабрь саат 23: 00дө "Биг Бен" саатынын коңгуроосу менен жарыяланды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыкты.


Коронавирустун жаңы түрүнө  байланыштуу Англияда  эч кандай иш-чара уюштурулган жок. 1973-жылы ЕБге мүчө болуп кирген жана 2020-жылы 31-январда биримдиктен чыкса дагы "Брюссел" эрежелерге баш ийген Улуу Британия үчүн жаңы доор башталды.

Эки тараптын ортосундагы соода, саякат, иммиграция, мыйзам жана коопсуздук сыяктуу маселелер боюнча жаңы жоболор күчүнө кирди. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн