Бугу 21, 2024
Убакыт: 20:24
USD
88.00
88.90
EUR
95.50
96.50
RUB
0.965
0.990

Англияда катуу карантин режими жарыяланды

05.01.2021 09:28
515
Англияда катуу карантин режими жарыяланды


Улуу Британиянын өкмөтү өлкөдөгү эпидемиялык кырдаалдын тез курчушунан жана ооруканалардагы ашыкча адамдардын көбөйүп кетүү коркунучунан улам Англияда карантин киргизүүнү жана мектептерди жабууну чечти. Бул тууралуу дүйшөмбү күнү кечинде Улуу Британиянын премьер-министри Борис Джонсон элге кайрылуусунда билдирди.


«Өлкөнүн көпчүлүк бөлүгүндө санитардык көзөмөл иш-чаралары жүргүзүлүп жаткандыктан, эмдөө кампаниясын аяктаганда коронавирустун жаңы түрүн көзөмөлгө алуу үчүн бардыгыбыз биргеликте көп иш-аракеттерди жасашыбыз керек экендиги айдан ачык. Мындан улам, Англияда биз улуттук карантинди киргизишибиз керек. Өкмөт дагы бир жолу үйүңүздө отурууңузду катуу сунуштайт», - деди Джонсон.


Буга улай бир нече саат мурун коңшу Шотландияда жалпы улуттук карантин жарыяланган.


Лондондун саламаттыкты сактоо кызматтарына COVID-19 оорусунун көбөйүшүнө байланыштуу Шотландиянын биринчи министри Никола Стерджон катуу карантинге баруу керектигин жана  кырдаалдын начарлашына жол бербөө үчүн локдаун зарылдыгын белгилеген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн