Тогуздун айы 07, 2024
Убакыт: 00:32
USD
84.60
85.10
EUR
92.70
93.70
RUB
0.880
0.925

Англияга айыл чарбасында иштөө үчүн 7 миңдей жаран кайрылган

16.05.2022 16:03
1090
Англияга айыл чарбасында иштөө үчүн 7 миңдей жаран кайрылган

Англиянын айыл чарба жумуштарына иштөө үчүн 7 миң кыргызстандык анкета тапшырган. Бул тууралуу  Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Жарандарды чет өлкөгө жумушка орноштуруу борборунун директору Кубандык Акматбеков билдирди.


Анын айтымында, бүгүнкү күндө кыргызстандыктарды Англияга жумушка кабыл алуу жүрүп жатат.


“Жумушчуларды тандоо процессин толук Британия тарап жүргүзөт. Министрлик, анын ичинде биздин борбордун буга тиешеси жок. Учурда 700дөй адам толук тандоодон өтүп, май-июнь, июль айларында учуп кетүүгө даярдык көрүүдө. 19-майда Англияга 165 жаранды салтанаттуу жөнөтүү боюнча иш-чара өтөт”, - дейт ал.


Акматбеков кошумчалагандай, Түштүк Кореяга акыркы төрт ай ичинде 300дөн ашуун жаран учуп кетти.


“Кечээ 118 адамды жумуш менен камсыздоо боюнча кошумча келишим келди. 2022-жылкы Түштүк Корея Кыргызстанга 1 миң 900 квота бөлгөн. Ошондой эле июнга чейин корей тилин билүү боюнча тест жүрүп жатат. Ага 1 миң 500 кыргызстандык катышарын билдирген”, - деди аталган борбордун директору.


Кубандык Акматбеков Финляндия жана Японияга кыргызстандыктарды жумушка орноштуруу боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканын белгилеп өттү.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Хожибеков Бакытбек
Кайсыл жерге барып жолуксак болот виза бойунча