16-сентябрда Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев Анкара шаарынын мэри Мансур Явас менен жолугушту.
Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, тараптар Мансур Явас баштаган Анкара мэриясынын делегациясынын үстүбүздөгү жылдын июль айында Бишкекке болгон иш сапарынын жыйынтыгын талкуулашты.
Элчи Казакбаев Бишкекте кол коюлган Жол картасын ишке ашыруунун маанилүүлүгүнө токтолуп, Ататүрк паркын реконструкциялоо долбоорлоруна, мэриялардын тажрыйба алмашуу программасына жана «Бишкек нан комбинаты» муниципалдык ишканасынын жабдууларын модернизациялоого көңүл бурду.
Шаар мэри Мансур Явас Ататүрк паркын реконструкциялоо долбоору Анкара шаардык кеңешинин макулдугун алганын айтып, кыргыз тарап менен кызматташууну улантууга даяр экенин билдирди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн