Бугу 19, 2024
Убакыт: 03:15
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Анкарада Эгемендик күнү Манастын эстелиги ачылат

26.08.2021 13:31
467
Анкарада Эгемендик күнү Манастын эстелиги ачылат

Түркиянын эң ири району Кечиөрен муниципалитетинде Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата 31-августта саат 15:00дө Манастын эстелигин ачуу аземи өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинен билдиришти.


Белгилей кетсек, Манастын айкелин тургузууну элчилик аталган райондун жетекчилиги менен макулдашкан.


Андан тышкары, Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата Анкарада сүрөт көргөзмөсү ачылган.


Көргөзмөгө Кыргызстандын байыркы тарыхын, бай маданиятын, кооз жаратылышын жана салттуу жашоосун, тарыхый кооз жерлерин, өлкөнүн пейзаждарын, улуттук спорт оюндарын чагылдырган сүрөттөр коюлду.


Сүрөт көргөзмөсү 2021-жылдын 28-августуна чейин уланат, Анкаранын бардык тургундары жана коноктору үчүн кирүү акысыз.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн