Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 14:19
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Анкарада Нооруз майрамында боз үй тигилип, кыргыз ырлары жаңырды (видео)

30.03.2021 12:20
1123
Анкарада Нооруз майрамында боз үй тигилип, кыргыз ырлары жаңырды (видео)


Анкара шаарында Түркия элинин Улуттук Нооруз майрамы жана ТРТ Аваз каналынын 12 жылдыгы белгиленип, ага Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев жана ошол жактагы кыргыз жарандары катышты.


Иш-чарага Кыргызстандын элчисинен башка дагы түрк мамлекеттеринин элчилери да катышты. Майрамдык салтанатты кыргыз жарандары тарабынан уюштурулган иш-чаралар, атайын тигилген боз үйлөр да көрккө бөлөдү. Кубанычбек Өмүралиев баргандарды кыргыз даамдарынан ооз тийип кетүүгө, маданияты менен таанышууга чакырды.


Ал куттуктоо сөзүн сүйлөп, бул майрам жалпы түрк дүйнөсүнүн майрамы экенин белгиледи. 10догон жылдар бою кыргыз маданиятын, салт-санаасын көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түзүп бергени үчүн боордош элге ыраазычылык билдирди.


Ошондой эле Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев онлайн куттуктап, бир тууган элге Кыргызстандын атынан каалоо тилегин айтты.


Бул иш-чара кыргызстандык ырчылардын майрамдык концерти менен уланды.



  

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн