Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 10:11
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Анкарадагы Полиция Академиясында билим алган кыргыз милиция кызматкери Эрдогандын колунан сыйлык алды

10.11.2022 09:48
315
Анкарадагы Полиция Академиясында билим алган кыргыз милиция кызматкери Эрдогандын колунан сыйлык алды



Түркиянын Президенти Режеп Тайип Эрдоган милициянын лейтенанты Адилет Акынали уулуна окуусун ийгиликтүү аяктагыны тууралуу диплом менен сертификат тапшырды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.


Түркия Республикасынын ИИМдин Анкара шаарындагы Полиция Академиясынын базасындагы Полициянын жетекчилерин даярдоо борборунда Магистратура программасында Кыргызстандын атынан барган милиция кызматкери милициянын лейтенанты Адилет Акынали уулу билим алып жаткан.


2021-2022-окуу жылдында ‘‘Коопсуздук стратегиялары жана башкаруу” бөлүмүндө билим алуу менен бирге “Жетекчилчилерди баштапкы окутуу жана даярдоо” курсунда үлгүлүү жүрүм-туруму, өзүнүн окуудагы жетишкендиктери жана эл аралык аренада өз жөндөмдүүлүгүн жогорку деңгээлде көрсөткөндүгү үчүн биздин кесиптешибизге Анкара шаарындагы Президенттик резиденцияда 2022-жылдын 1-ноябрында бүтүрүү аземинде Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоган окуусун ийгиликтүү аяктагыны тууралуу диплом менен сертификатты тапшырды. Аталган иш-чарага Түркиянын Ички иштер министри Сулейман Сойлу да катышты. Ошону менен катар кесиптешибиз Түркия Республикасынын Полиция Академиясынын башчысы профессор, доктор Чолак Йылмаздын колунан сыйланды.  

Кыргыз милициясынын деңгээлин үлгүлүү жана жогорку деңгээлде көрсөткөндү үчүн милициянын лейтенанты Адилет Акынали уулу менен сыймыктанабыз.  

Милициянын лейтенанты Адилет Акынали уулу 1999-жылы Баткен облусунун Баткен районунда туулган. Буга чейин Баткен РИИБде балдар менен иштөө боюнча инспектор кызматында иштеп келген. 

Кесиптешибиздин Кыргыз милициясынын кадыр-баркын жана аброюн жогорку деңгээлге көтөрүп, мекенибизге кызмат кылуу менен генерал наамына жетем деген аруу тилеги бар. 


ИИМдин Басма сөз кызматы

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн