Бугу 17, 2024
Убакыт: 11:45
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Ансыз да кымбатчылык кекиртектеп турганда, электр энергиясынын тарифин да көтөрүү жөндүүбү?

01.07.2021 13:34
1052
Ансыз да кымбатчылык кекиртектеп турганда, электр энергиясынын тарифин да көтөрүү жөндүүбү?


Кыргызстандын энергетика министрлиги турмуш-тиричилик үчүн колдонуучуларга электр энергиясынын тарифин көтөрүүнү сунуштоодо. Жаңы сунушталып жаткан тарифке ылайык, электр энергиясынын 1 кВт-сааты үчүн мурдагыдай 0,77 тыйын эмес, 1,48 сом, ал эми бир айда электр энергиясын колдонуу 1000 кВт-сааттан ашканда 2,29 сомдон эсептелиши керек.


Туура, Кыргызстанда электр энергиясынын тарифи башка өлкөлөргө салыштырмалуу кыйла арзан. Анын үстүнө 0,77 тыйындык тариф өтө узак жылдардан бери карай өзгөрбөй келе жатат. Аны акырындык менен жылына бир жолу көтөрүп туруунун ордуна, Бакиевдин доорунда дароо эки эсеге көтөрүп жиберүүнүн натыйжасында экинчи революция болуп кеткенин билебиз. Кийин Атамбаевдин бийлигинин учурунда 0,77 тыйындык тариф калганы менен, 700 кВт-сааттан ашкандан кийин 2,16 сомдон төлөй турган болуп калганбыз. «Жок дегенде социалдык тариф калды, электр энергиясын үнөмдөп колдонсок, кымбат деле төлөбөйбүз да» деген ишеним менен эл ал жолу электр энергиясынын жаңы тарифтерине өзгөчө нааразычылык жараткан эмес.


Ал эми бүгүнкү күндө электр энергиясынын тарифин көтөрүүгө ыңгайлуу учурбу? Ар кандай маселенин чечиле турганына ыңгайлуу учур болот. Ал эми ыңгайы келе электе эч кандай маселе оң жагына чечилбейт. Тескери гана натыйжа берип калышы мүмкүн. Бүгүнкү күндө ансыз да кымбатчылык карапайым элди кекиртектен алган абалда болуп турат. Күнүмдүк тиричиликке керектүү азык-түлүктөрдүн баасы дээрлик эки эсеге чейин көтөрүлдү. Суу мадын баасы 1 литрине мурда 80-90 сом болсо, азыр 180 сом. Эттин баасы 330 сомдон 450 сомго чыкты. Сабиздин баасы 100 сомду чапчыды. Күрүч, картошка, сүт, айтор бардык эле азыктар кымбаттады. Ордунда эле кыймылдабай турган – бул мамлекеттик кызматкерлердин айлык акысы, пенсия, пособия менен маршрутканын жол киреси. Башка нерселердин баары көтөрүлдү.


Кымбатчылык ушуну менен эле токтоп калбай, күзүндө дагы кымбатташы мүмкүн экенин, алтургай азык-түлүктөрдүн тартыштыгы болушу мүмкүндүгүн экономика министри кыйытып отурат. Демек, азыр карапайым элдин курсагы өткөн жылга салыштырмалуу толук кандуу тойбой турат. Этти жарым жылдан бери жебей калган үй-бүлөлөр бар. Кийим-кече сатып алууну токтоткондор бар. Эптеп кара курсакты макаранду майга кууруп, суу менен демдеп жеп алдап тургандар арбыды. Эгер күзүндө дагы азык-түлүк кымбаттаса, анда акыбал кандай болот?


Ушундай шартта электр энергиясынын тарифин көтөрүүгө эл чыдайбы? Электр энергиясынын тарифи көтөрүлсө, демек ошого жараша электр энергиясын колдонуу менен өндүрүлгөн азык-түлүктөр дагы кымбаттайт. Азык-түлүк эле эмес, башка продукциялардын да баасы көтөрүлөт. Ошентип бир жагынан коронавирус илдети баш көтөртпөй, экинчи жагынан кымбатчылык башты биротоло жерге ныгырып, карапайым элдин жашоосу өтө начар абалга кептелет. Анын арты күчтүү нааразычылык толкундарын жаратат.


Ал эми коңшулаш Казакстандын энергетика министрлиги тескерисинче 1-июлдан тарта 2025-жылга чейин (2025-жыл дагы эсептелет) электр энергиясынын тарифтерин бардык топтор боюнча төмөндөтүп отурат. Мындай кадамга алар коронавирус илдетинен улам өлкөдө эпидемиологиялык абалдын оорлошуп жатканынан улам барышкан.


А бизде болсо, тарифти көтөрүүнү сунуштап отурушат. Балким, азыркы тапта бул сунуштун орунсуз болуп каларын министрлик түшүнүп, кайра артка кайтарып алар. Себеби, өлгөндүн үстүнө көмгөн кылыштын кереги жок. Кымбатчылык туш-тараптан кыстап турганда, жок дегенде электр энергиясынын тарифин көтөрбөй туруу маанилүү. Өлкөдөгү санитардык-эпидемиологиялык кырдаал жакшырып, азык-түлүктүн баасы салыштырмалуу арзандап баштаганда гана бул маселени көтөргөнбүз туура болчудай.


Сагынбек Сатыкеев

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн