Анталияда кыргызстандык аял жөө адамдар өтүүчү жерден атып унаа сүзүп кетип каза болду. Бул тууралуу түрк маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Окуя кечээ Кепез аймагында болгон. 30 жаштагы А.Ш. жолдон өтүп жатканда, машина сүзүп кеткен. Кыргызстандык соккудан бир нече метр алыс ыргып кеткен.
Окуя болгон жерге тез жардам кызматы келген, бирок алар жабырлануучунун өмүрүн сактап кала алышкан эмес. Сөөк өлүкканага жеткирилди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн