Бүгүн, 10-мартта Түркиянын Анталья шаарында Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба, Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров жана Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглунун үч тараптуу сүйлөшүүсү башталды. Бул тууралуу түрк басылмалары кабарлады.
Маалыматка ылайык, түрк тарап сүйлөшүүнүн ийгиликтүү аякташына үмүт артып турат.
Тараптар Украинадагы кырдаалды талкуулайт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн