Баш оона 22, 2025
Убакыт: 05:09
USD
87.10
87.60
EUR
101.20
102.20
RUB
1.080
1.110

Антимонополия: Жылыткычтарга, көмүргө жана азык-түлүктөргө болгон баа көтөрүлбөйт

02.02.2024 16:15
567
Антимонополия: Жылыткычтарга, көмүргө жана азык-түлүктөргө болгон баа көтөрүлбөйт


Бишкек ТЭЦиндеги авариядан улам азык-түлүктүн, жылыткычтардын жана көмүрдүн баасы өспөйт. Бул тууралуу Монополияны жөнгө салуу агенттиги билдирди.


Маалыматка ылайык, бааны жасалма түрдө көтөрүүгө жол берилбеши керектиги боюнча бардык соода объектилеринде, ири базарларда ("Дордой", "Аламүдүн", "Орто-Сай") түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Мындан тышкары, соода борборлору менен базарлардын администрацияларына баага көз салуу тапшырмасы берилген.


"Жылыткычтарды саткан дүкөндөргө дагы эскертүү берилди", — деп айтылат маалыматта.


Министрлик ири базаларда көмүр жетиштүү деп ишендирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн