Кыргызстандык Антонина Шевченко (Пантера) 16-майга караган түнү Хьюстон шаарында (АКШ) өткөн UFC 262 турниринде жеңилип калды.
Спортчу атаандашы америкалык Андреа Лиге акыркы азаптуу кармоону колдонгондон кийин багынып берди. Антонина Шевченко экинчи айлампанын аякташына сегиз секунд калганда жеңилди.
Валентина Шевченконун улуу эжеси үчүн бул ММА боюнча үчүнчү жеңилүү. Антонина Шевченко турнирдик таблицада сегиз жеңишке ээ.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн