Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 05:39
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Анжелика Кайратовна президенттин маалымат катчылыгынан баш тарттыбы?

02.04.2021 10:53
4437
Анжелика Кайратовна президенттин маалымат катчылыгынан баш тарттыбы?

 

Кечээ, 1-апрелде Күлкү күнүнө карата окурмандарыбызды тамашага салуу иретинде “Садыр Жапаровдун маалымат катчысы кызматтан алынды. Бул орунга Анжелика Кайратовна дайындалды” деген темада материал жарыялаганбыз.


Аталган макала көпчүлүктүн бүйүрүн кызытып, ага ырчы Анжелика да реакция жасады. Тамаша иретинде жазылган кабарга ырчы айым да тамаша менен “Мен бул кызматтан баш тарттым” деп Инстаграмм баракчасы аркылуу жооп узатты. Ал эми президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек үн каткан жок. Кантсе да төбөсү көрүнгөн бул айымдарга ийгилик каалайбыз. Ар дайым эл үчүн талыкпай кызмат кылып жүрө беришсин.


Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Арси.
Ошондой дейм да. Антпесе Жапаров ушунчалык денгеелге туштубу деп тан калуума чек жок эле)))